Жаңылыктар / 22.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

3839

Райондук соттун катасын шаардык сот кайталады. Өмүрбек Бабановду камактан бошотуу өтүнүчү четке кагылды. Фемида өкүлдөрүнүн мындай чечими чогулган миңдеген жарандардын нааразычылыгын жаратты.

Эл аралык эксперттик топ жакынкы күндөрү Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар күнүнө 500гө чейин жетиши ыктымал экендигин эскертти. Саламаттыкты сактоо министрлиги июлда өлкө эпидемиологиялык кооптуу чекке жетет деп божомолдойт. Кара июлдун алдын алуу аракеттери барбы?

Аттестат алганы кетип, ажал тапкан өспүрүм. Чүйдүн Кемин районундагы токойдон 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Аны өлтүрүүгө шектелген 42 жаштагы кошунасы кармалып, камакка алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакын арада Россиядан эки тик учак алат. Атайын техника алуу үчүн эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишим 20 миллион долларды түзүүдө.