Жаңылыктар / 22.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

802

Форма-2 арызына байланыштуу 4 кылмыш иши козголду. Студенттердин дарегин сураштырган айрым мугалимдердин вотсаптагы жазуусу интернетке тарап кетти.

Эл көп чогулган коомдук жайларда бет кап тагынбагандар жазалана баштайт. Республикалык штабдын отурумунда тиешелүү органдарга коронавирустук инфекцияга кабылгандардын көбөйүү ыктымалдыгына даяр туруу эскертилди.

Ысык-Ата районунда массалык мушташта эки киши бычакталып ооруканага түштү. Ал арада аталган аймактык милициянын жетекчиси кол алдындагы кызматкерди кемсинткен видео тарады.

Кошуна өлкөдө жайылган «куш тумоосунун» Кыргызстанга да келүү коркунучу барбы? Казакстанда акыркы күндөрдө эле миңдеген үй канаттуулары кырылып калды.