Жаңылыктар / 22.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

950

Кыргызстанда чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, экологияга олуттуу зыян келтирген абийирсиз инвесторлор бар. Бул тууралуу Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясында билдирди.

Шайлоо округдарын түзүүдө Боршайком мүчөлөрүнө аткаминерлер тарабынан басым жасалууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар өз көмөчүнө күл тарткан кайсы аткаминерлерди айтып жатышат?

Жыл башынан бери өлкөдө ит тиштеп алып кутурма жугузган 17 учур катталды. Кечээ жакында болсо мындай окуядан бир карыя эки колунан тең ажырап калды. Өлкөдө эпизоотикалык абал начарлап жатабы?

Мекенге ак кызмат кылуунун мыкты өрнөгү. 300дөн ашык адамга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болду.