Жаңылыктар / 22.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1093

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев кол алдында иштеген 2 кызматкери менен кошо УКМКнын абагына киргизилди. Алар айыпталуучуларды кыйнаган, пара алган деп шектелип жатышат.

Борбор калаада сасык тумоонун күч алганына байланыштуу балдарды кабыл алган убактылуу стационар ачылды. Кошумча жай Республикалык диагностикалык борборго жайгаштырылат.

Социалдык колдоого муктаж жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көтөрүлгөнү менен акча алардын колуна тийбей жатат. Кымбатчылык аз келгенсип пособиелерин ала албай жатканына алар өтө нааразы. Тиешелүү мекеме болсо санап жетишпей жатканын айтат.

Асыл тукум жандыктар, органикалык жер семирткичтерге өскөн азыктар жана айыл чарба техникалары. Бишкек шаарындагы эски аянтта «АгроТехЭкспо-2021» аталышындагы айыл чарба жарманкеси башталды. Иш-чара 3 күнгө уланат.