Жаңылыктар / 22.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1832

Айеркен Саймаити катышкан журналисттик иликтөө боюнча Башкы прокуратура «адам өлүмүнө кол салуу» беренеси менен текшерүүнү баштады. Кытайлык ишкердин өлөөр алдындагы акыркы сөздөрү Кыргызстанды дүрбөлөңгө салды.

Екатеринбургдан Кыргызстанга 30 миллион рубль көтөрүп келе жаткан 22 жаштагы жигитке ок атылды. Уурдалган сумма Россиянын ири базарларынын биринен көмүскө алынышы мүмкүн.

Алмазбек Атамбаевдин убагында кримтөбөл Азиз Батукаевдин ордуна Жаныш Бакиевди алмаштыруу аракети болгонбу? Ал операция эмнеге ишке ашпай калган?

Жол кырсыгынан ажал тапкан өспүрүмдүн атасы адилеттүүлүк издейт. 9 жашар баланын каза болгонуна 3 апта өткөнүнө карабастан тергөөчүлөр ишти карай элек экен.