Жаңылыктар / 22.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1040

Нефтетрейдерлер күйүүчү майдын баасын кескин көтөрүп жатабы? Мамлекет бензин-солярканын наркына көзөмөл киргизүүгө ниеттенүүдө. Экономика министрлигинин демилгеси дефицитке алып келбейби?

Бюллетендер басып чыгарылып, аймактарга жөнөтүлдү. Учурда шайлоо участокторун генератор менен камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Шайлоо күнү электр жарыгы үзгүлтүккө учураса, добуштар бурмаланбайбы?

Жазга чейин документи жок үй болбошу керек. Президент Садыр Жапаров жаңы конуштун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди. Ал маалымат жыйын өткөрүп, күйөрмандары менен жолугушту.