Жаңылыктар / 22.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1653

Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген экс-депутат Бактыбек Калмаматов камакка алынды. Мурдагы эл өкүлү Умрага бара жаткан жеринен “Манас” аэропортунан колго түшкөн.

Контролдук кассалык машинага каршыбыз! Бир катар соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулушуп, мурдагы патент системасын калтырууну талап кылышты.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы акыркы жыйынын өткөрдү. Азыркы эл өкүлдөрү Акүйдөн кеткиси келбей, парламентке каалаган убакта кирип-чыгууга уруксат берүүнү суранышты.

Шайлоого байланыштуу соттошуулар уланууда. БШК Жанар Акаевге депутаттык мандатын кайтарып берген Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанмай болду.