Жаңылыктар / 23.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

527

Аймактарды бирдей өнүктүрүү зарыл. Региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыктын алкагында түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйыны болуп өттү.

Токтогул районунда балыктардын кырылуусу уланууда. Буга 38 тонна бензин тартып бараткан унаанын Чычкан суусуна түшүп кетиши себеп болгон.

Унааңарды өзүңөргө каттатып алгыла! Болбосо «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен, башкалардын айыптарын төлөп калышыңар ыктымал.

Белгилүү кыргыз балбаны Каба уулу Кожомкул тууралуу көркөм тасманын сценарийине жана режиссеруна сынак жарыяланды. Ал залкар балбандын 130 жылдык маарекесине арналат.