Жаңылыктар / 23.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1183

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду эки киши сотко берди. Жарандык активист менен журналист кадыр-баркына шек келгенин айтышып, аткаминерден 5 миллион сомдон талап кылышууда.

Шайлоолордо добуш сатууну мыйзамдаштыруу керекпи? Айрым эл өкүлдөрүнүн бул боюнча өзгөчө сунушу бар. Депутаттар жеңүүнүн жеңил жолун ойлонушса, чыгармачыл адамдар жарандарды шайлоону таза өткөрүүгө чакырышууда.

Эки окуучу кызды уурдоо аракети болгону жөнүндө маалымат тастыкталган жок. Бирок окуя катталды делген айылдын тегерек-чети тинтүүгө алынып, унаалар текшерилүүдө.

Дөөлөт, Санат, Керээз, Умай Эне, Улукман жана башка өзгөчө аталыштар. Жакында Бишкектеги аты жок көчөлөр кыргыздын нукура сөздөрү менен атала баштайт.