Жаңылыктар / 23.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

834

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өстү. Ноокатта дагы эки кишиден жаңы типтеги вирус чыкты. Сузактагы эки адамдын абал оор деп кабарланды.

Өлкө боюнча 14 санитардык-карантиндик пост коюлуп, күнү-түнү иштеп жатат. Ал эми Ош шаарына башка райондордон келгендердин кирүүсүнө тыюу салынды.

Карантинге алынгандардын нааразычылыгы күчөдү. Шарты начар жайларда жаткандар Египет жана Таиланддан келгендердин мейманканага жайгаштырылышына каршы чыгышты.

Өлкөдө 1 суткадан бери өзгөчө кырдаал режими иштеп жатканы менен, буга өзгөчө көңүл бурулбай жатканы байкалууда. Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилиши мүмкүнбү?