Жаңылыктар​ / 23.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1973

Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев убагында караган соттук иштери кайра каралып чыгабы? Мыйзамсыз байыганын мойнуна алган фемида өкүлү өткөн аптада үй камагына бошотулган. Ал сансыз мүлктү кайсы өкүмдөрү үчүн жыйнаган?

Борбордо коронавирус көбөйүп, санитардык талаптар кайрадан күчөтүлдү. Ал арада ушул аптанын аягында Кытайдын “Синафарм” препараты менен эмдөө жүргүзүлө баштай турганы маалым болду.

Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү күндөн-күнгө азайууда. Учурдагы көрсөткүч 9 миллиард куб метрге чукулдоодо. Энегретиктер суу дагы 3 миллиардга азайса, станция авариялык абалга кабылуу коркунучу бар деп кооптонушууда.

Брайл алфавитин гана окубастан, компютердик программалоо жана коомго ыңгайлашып жашоо ыкмаларын да үйрөнүү. Бишкек шаарында көзү азиздерди окутуу үчүн атайын мектеп ачылды.