Жаңылыктар / 23.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

934

Бишкек ТЭЦин жаңылоого алынган асман чапчыган жабдыктардын кезектеги тизмеси жарыяланды. Бир кондиционер 57 миң, жөнөкөй эле эмеректер 200 миң долларга алынган. Баалар жогору көрсөтүлүп, 100 млн доллар жабылганбы?

Өкмөт алмашкан соң, кезек шаар бийлигине келдиби? Бишкектин мэрине байланыштуу ар кандай сөздөр айтыла баштады. Шаардык кеңеш калаадагы чуулгандуу иштер боюнча иликтөө жүргүзгөнү турат.

«Кумтөр» ишканасы жылына 14 миллиард сомдук сууну бекер колдонуп келет. Төлөм алуу үчүн суу кодексине өзортүү киргизүү сунушталууда.

Оңдолуп бүтө электе, сыны кете баштаган опера театры. Маданият жайында ремонт иштери аяктабай жатып, күзүндө жасалган айкелдердин сыры кетип, упурана баштады.