Жаңылыктар​ / 23.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1109

Өлкөдө “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө башталып, аны биринчи болуп белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Ал арада бир суткада коронавирустан 7 киши каза таап, бул былтыркы «каргашалуу июль» айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочулары кайрадан иш таштайбыз деп коркутушууда. Мэрия болсо жол кирени көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Кумтөр кени сатылганы жатабы? Аны иштеткен “Центерра Голд” өзүнө тиешелүү акциясын сатууну көздөп, Нью-Йорк фондулук биржасына жайгаштырганы белгилүү болду.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүндө билим берүү министринен Манас училтигин Брайл тамгасы менен басып чыгарып берүүсүн өтүнгөн окуучулар. Бишкектеги азиз жана көрүүсү начар балдар мектебинин тарбиялануучулары китеп күнүн белгилешти.