Жаңылыктар / 23.05.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)
489
Билип туруп туура эмес өкүм чыгарган фемида өкүлү. Азиз Батукаевди бошотуу чечимин кабыл алган судья Жапар Эрматовго кылмыш иши козголду.
39 адамдын өмүрүн алган Дача СУ айылына кулаган учак боюнча экспертизанын жыйынтыгы кайрадан текшерүүгө алынууда. Кылмыш иши башынан иликтене турган болду.
Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын бардыгында унаалардан акы алына баштайт. Демилгени көтөргөн мэрия айдоочуларга шарт түзүүгө даярбы жана бул качан ишке ашканы турат?
Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сайрандоосунан улам директор кызматынан кол жууду. 11-класстын окуучулары жол тандабас менен жүргөндө кармалган.