Жаңылыктар / 23.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1082

Москвада туугандарынын балдарын багып жүрүп, сабалган 11 жашар кыз Кыргызстандагы ата-энесине июндун башында жөнөтүлөт. Ур-токмокко кабылган өспүрүм Өзгөн районунун Чангет айылынын тургуну.

Дача-СУ кырсыгында жабыркагандарга түркиялык компания талап кылынган сумманын бештен бир бөлүгүн гана төлөп берген. Коомдук комиссия тергөөчүлөрдүн маалыматын угууга киришти.

Кыргызстанда ишмердүүлүгү тыюу салынган Йакын Инкар диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алардын башында турган уюмдун Борбор Азия боюнча лидери дагы колго түштү. Ал беш жыл ичинде экинчи жолу кармалууда.

Саясий жана мамлекеттик кызматкерлер узак эс алууга татыктуу! Эмгек өргүүнү 28 күндөн дагы көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.