Жаңылыктар / 23.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

5587

10 күн ичинде УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. Мындан ары бизнестин таламын Башкы прокуратура талашмай болду.

Өткөндөн сабак албаган партиялар. Кайрадан шайлоого катышып жаткан айрым саясий уюмдун үгүтчүлөрү добуш сатып алууга шектелүүдө. Бул фактылар аныкталса 2 партия жарыштан четтетилиши мүмкүн.

«Ата Мекен»фракциясынын ынтымагы ыдырап, депутаттарынын ортосунда чыр чыкты. 2 ай жетекчи болуп турган Сайдулла Нышановго кесиптештери ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кайрадан лидер алмашты.

180 миң сомго бааланган боорсок. Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети түшүнүксүз тендер өткөрүп, өлкө бюджетинин эсебинен дасторкон даярдаганы үчүн сынга кабылды.