Жаңылыктар / 23.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1338

Форма-2 менен каттоого турган жарандарды шайлоого катыштырбоо чакырыгы жасалууда. Антпесе шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаралат экен. Бирок каттоодо турган жеринде добуш бере албагандардын укугу кандай болот?

Орус-казак чек арасында калган кыргызстандыктар өз өлкөсүнө ташыла баштайт. Кошуна Казакстан убактылуу «жашыл коридор» ачып берди. Ал арада «элчиликтин өкүлүмүн» деп мекендештерин алдап кеткен шылуун изделип жатат.

COVID-19дун экинчи толкунунун алдын алууга камылга күчөдүбү? Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда чакан стационарлар ачыла баштады. Ал эми жай айларында ачылган убактылуу жайлардин иши эмне болду?

Тилиң менен улутсун, тилиң менен улуксуң! Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынгандыгына 31 жыл болду.