Жаңылыктар / 23.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1222

Кыргызстандан аткезчилик жолу менен ташылып баратканы үчүн кылмыш иши козголуп, “Эркечтам” өткөрмө постунда кармалып турган алтын концентраты Кытайга чыгарылып кеткени чындык. Бул боюнча мамлекеттик Бажы кызматы маалымат берди.

Өлкөдө капиталы 18 миллиард сомду түзгөн “турукташтыруу” фонду түптөлөт. Алдыңкы 5 жылда өлкөнү өнүктүрүүнүн жол-жоболору талкууланды. Кагаздагы пландардын ишке ашуусу үчүн ишкерлер сунуштарын беришти.

Шайлоо жараянына орунсуз кийлигишкен аткаминерлер ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Коопсуздук кеңештин катчысы бийлик өкүлдөрүнө эскертүү берди.

Ааламда теңдеши жок, океандай чалкыган «Манас» дастанын жараткан тил. Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл болду.