Жаңылыктар / 23.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1352

Саясатчылар, жарандык коом парламентти мыйзам чыгаруу бийлигин узурпациялап алды деп айыпташты. Шайлоолор жылдырылып, референдумга даярдык дагы бир чуунун башталышы эмеспи?

Камчы Көлбаевдин кармалышын криминалдык чөйрөнүн мизи кайтарылды деп бааласа болобу? Айрымдар аны кармоо операциясын УКМКнын жөн гана пиары деп сыпатташууда.

«Кыргыз темир жолу» мекемесинде вагондорду кескилеп металл катары сатып жиберген факты катталды. Айрым маалыматтарга караганда, ушундай жол менен сатууга дагы 200 вагон даярдалган. Жетекчиси камакка алынганы кабарланды.

Абактагы миңдей адамга ырайым берилгени жатат. Бул тизмеге кайсы беренелер менен соттолгондор кирет?