Жаңылыктар / 23.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1202

Кыргызстан Россиянын аскер-деңиз флотуна торпедалар үчүн жабдуулардын модулун жеткирип берет. Эки тарап 459 миллион сомдук келишимге кол койду.

Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын акыркы отуруму болду. Саясий өнөктүккө кийлигишпөө тууралуу бардык жетекчилерге дагы бир жолу эскертүү берилди.

Жазында сүттүн баасы эки эсеге көтөрүлүшү мүмкүн. Сүт палатасы тоюттун тартыштыгынан уйлар союлуп жатат деп коңгуроо кагууда. Айыл чарба министрлиги болсо муну сезондук көрүнүш катары баалоодо.

Протез жана ортопедиялык бут кийимдерди даярдоо узакка созулуп кетүүдө. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арыздануусу боюнча маселени комиссия иликтей баштады.