Жаңылыктар / 23.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

808

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 15 жылга кесилсе, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айыпка жыгылып, бошотулду. Чечимди борбор калаанын Ленин райондук соту чыгарды.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара чырында курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды. Ага жолдошунун «Эрдик» медалы тапшырылды.

Мугалимдер менен ата-энелердин тирешинен улам 800дөй окуучунун билим алуусу үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Агартуучулар арыз жазып, иш таштоого бара турганын билдиришти. Буга эмне себеп болду?

Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрында өтөт. Залкар инсандын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.