Жаңылыктар / 23.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

3326

Жалал-Абадда 9 жашар Сумаяны жер төлөөдө кыйнап өлтүрүп, андан кийин капка салып, дарыянын жээгине ыргыткан жаран кармалды. Шектүү он жылдан бери жалгыз жашап жүргөн жергиликтүү тургун болуп чыкты.

Кара-Кече көмүр кенинде айдоочулардын жаңжалын, Альфанын аскерлери асманга ок атып токтотту. “Кыргыз көмүр” ишканасы чыр чатакты үчүнчү күчтөр уруштурган деп эсептейт.

Баткенде кыргызстандык айдоочуну аткан тажик чек арачылары жазаланат. Кошуна өлкөнүн бийлиги аскерлердин курал колдонуусу мыйзамсыз болгонун моюнга алышты.

Кезек Аламүдүн, Дордой жана Токмоктун базарларына жетти. Соодагерлер кассалык аппараттардын милдеттүү коюлушуна каршы чыгышууда. Салык кызматы буга эмне дейт?