Жаңылыктар / 24.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

484

Электр энергиясынын наркы жакын арада кымбаттайбы? Өкмөт мүчөлөрү бааны көтөрүү керектигин айтышса, депутаттар бул маселеде коомчулуктун пикирин эске алуу керек дешүүдө.

Айыл жана шаар кеңештериндеги саясий оюндарды токтотуу керек. Муниципалитет башчыларын шайлай албаган аймактарга тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүү сунушталды.

Ош шаарында абанын өтө булгануусунан өнөкөт оорулар көбөйө баштады. Тургундар буга чакан ишканалардагы мештерден чыккан түтүн себеп болгонун айтышууда.

40 градуска чейинки суукту алып келчү Арктикалык антициклон Кыргызстанга жакындап калды. Сиоптиктер жылуу кийинип, алыс жолго чыкпай туруу керектигин айтып жатышат.