Жаңылыктар / 24.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1059

«Коррупция менен күрөшүү колуңардан келбей жатса, арыз жазып, колунан келгендерге орун бошоткула». Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында бир топ аткаминерлердин ишин катуу сындады.

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу боюнча атайын оперативдик штаб түзүлдү. Ал Кытайдагы кырдаал жөнгө салынмайынча иштеп, өлкөдөгү санитардык абалга көз салат.

Вице-премьер Жеңиш Разаков өткөн аптада Баткендеги чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан кечирим сурабайт. Ал активисттер менен соттошууга даяр экенин билдирди.

Бишкектин булганган абасы кайрадан көңүл чордонунда. Экологдор анын кирдөөсүнүн көрсөткүчү жогорулап баратканын айтып, дагы коңгуроо кагып жатышат.