Жаңылыктар / 24.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

980

Жасалма диплом менен иштеп жүргөндөр кызматынан, депутаттар мандатынан айрылып, мамлекетке келтирген зыянды төлөп берет. УКМК бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүүгө киришти.

Казакстанда катуу сабалып, 2 буту, 3 кабыргасы сынган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковдун абалы оор бойдон калууда. Музыкант Викрам Рузахунов болсо камактагы күндөрүнүн айрым учурларын ачыкка чыгарды.

УКМКнын экс-төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына сунушталып, бирок өтпөй калды. Чекист убагында паспорт чырынан улам кызматтан кеткен.

Ырчы Анжелика Кайратовага Түп районунун Балбай айылындагы даракты кыюуга уруксат бергендер жоопко тартылышы мүмкүн. Ысык-Көл областынын губернатору мунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.