Жаңылыктар / 24.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

626

Токмоктогу жапырт каттоо боюнча да кылмыш иши козголду. Бул жолу прокуратуранын кылтагына Чүй областынын 3 райондук паспорт столунун кызматкерлери түшкөн.

Коронавирус катталган өлкөлөрдүн тизмеси узарууда. Мындан улам, бир катар мамлекеттер чек арасын жапса, Кыргызстан Кытай жарандарына виза берүүнү токтотту.

Кыргызстан 26 жыл ичинде сырттан 10 миллиард 193 миллион доллар карыз алган. Иликтөөлөр боюнча кредиттердин 85 пайызы максатсыз колдонулган.

Түркияда көчмөндөр оюндарында Көк-Бөрү тай казансыз өтө турган болду. Мунун кесепетинен Кыргызстандын федерациясы эл аралык уюмдун курамынан чыгып кетеби?