Жаңылыктар​ / 24.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

961

Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапары башталды. Ал Россия Федерациясына барды.
Алдыңкы 2 жылда электр энергиясы тартыш болуп, маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Токтогул гидроэлектрстанциясында суу кескин азайып, кооптуу чекке түшүп кетүү коркунучу жаралды.
Кыргызстан Ковид-19 илдетине каршы Россиянын «Спутник Ви» вакцинасын колдоно турган болду. Ал арада калкты массалык эмдөөнү биринчи кимдер ала алат, өнөкөт оорулары барларга болобу деген суроолор курч турууда.
Тажикстанда кармалып турган 9 кыргызстандык жакында кайтарылышы күтүлүүдө. Эки тараптуу жолугушуу болуп, анда ушундай себеп менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселеси сүйлөшүлдү.