Жаңылыктар / 24.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

729

Өлкөнүн 15-башкы прокурору болуу Өткүрбек Жамшитовго буйрудубу? Анын талапкерлигин тармактык комитет менен көпчүлүктүн коалициясы жактырды.

Сот энергетика тармагы коррупциялашкан деп тапты. «Электр станциялары» ишканасындагы жемкорлукту айтып чыккан эксперт сотто утуп алды.

Кыргыз медицинасы сазга батып баратабы? Лабораториялардагы башаламандык ашкереленсе дагы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен укук коргоо органдары тарабынан эч кандай реакция жок.

Бишкекте куштар үйлүү боло башташты. Уяларды жасоо боюнча кароо сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ал эми өзгөчө эмгектер парктардагы бактарга илинди.