Жаңылыктар / 24.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1050

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды. Мамлекет башчы Владимир Путин менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга дагы көңүл бурулду.
Кыргызстан — Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапты. Адистер бул кадамдан Кыргызстан эч кандай экономикалык чыгымга учурабайт дешет.
Түйүнчөгүн түйгөн жетекчилер. Быйыл район башчыларын дайындоо принциби толугу менен өзгөртүлүп, ротацияланган 37 аким эртең расмий түрдө ишке киришет.
Ысык-Көлдө балдар лагерлеринин иштөөсүнө уруксат берилди. Башка аймактардагы мындай жайдын ээлери жумуш жанданбаса банкротко учурайбыз деп тынчсызданууда.