Жаңылыктар / 24.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30

1174

Барымтага алынган кызматкерлер, жардыруулар, тик учак менен куткарууга келген аскерлер, өлтүрүлгөн согушкерлер. УКМК Бишкек ТЭЦ-2нин аймагында терроризмге каршы машыгуу өткөрдү.

Стратегиялык маанидеги Дастан заводунун Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшү канчалык негиздүү? Жогорку Кеңеште бул боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Бишкек шаардык кеңеши эми мэр жана анын орун басарларына ишеним көрсөтпөө укугунан ажырашы мүмкүн. Мэрия депутаттардын ыйгарым укуктарын кескин кыскарткан мыйзам долбоорун сунуштады. Буга эл өкүлдөрү эмне дейт?

Кээ бир ооруканаларда лифттер иштебегендиктен медиктерге күч келүүдө. Дарыгерлер бейтаптарды замбилге салып, тепкич менен өйдө чыгууга аргасыз болуп жатышат.