Жаңылыктар / 24.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

406

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн канча каражаты бар жана алар кайсы банктарда сакталган? Тергөө тобу алардын депозиттик эсептерин жана банк кутучаларын текшерүүгө уруксат алды.

«Мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттерге карабастан, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча реалдуу жыйынтыктар болбой жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отурумунда мамлекеттик органдарды сынга алды.

Өз балдарына зордук-зомбулук көрсөткөн адамга кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал өзүнүн 3 жана 5 жаштагы балдарын аёосуз сабаган деп шектелүүдө.

3 чакырымды 14 мүнөттө чуркап өтүп, 10дон ашык жолу турникке тартынуу. Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандоонун экинчи этабы башталды.