Жаңылыктар / 24.09.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

339

Ишкерден 5000 доллар пара талап кылган 4 милиция кызматкери кармалды. Тартип сакчылар акчаны алып жатканда колго түшүштү.

Кыргызстан-Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү планы бар. Эки өлкө ишкерлеринин бизнес-форумуна президент катышты.

Экс менен азыркы депутаттардын кайым айтышуусу. Ширин Айтматова жеке бизнесин коргоп жатат деп айыптаган эл өкүлдөрү мурдагы кесиптешине жооп кайтарып, аны дебатка чакырышты.

Өкмөт шекер импортуна тыюу салууга эмнеге шашылбай жатат? Дыйкандар кант кызылчасын жакшы баада сата албай кыйналууда.