Жаңылыктар / 24.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1325

Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районундагы мушташ үчүн эки талапкерди жазалады. «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынан эки талапкер жарыштан четтетилди.

Аялдар тизмеде гендердик квотаны толтуруу үчүн гана керекпи? Шайлоого аттанган айрым саясий бирикмелердин катарынан аял кандидаттар чыгууда. Мыйзамдын алешемдиги партияларга ыңгайлуу болуп жатабы?

Элди көп чогултуп алып жаап-жашырып той-топур өткөргөндөргө айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөт. Республикалык штаб административдик чараларды күчөтүүдө. Ал арада медиктер эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетиши мүмкүн деп күнү-түнү атайын даярдыктан өтүшүүдө.

Айы-күнүнө жетпей төрөлгөн 3 айлык Нурханга жардам керек. Наристенин апасы коронавирустан каза тапкан. Ымыркайга операция жасатуу үчүн жалгыз бой ата жардам сурап кайрылды.