Жаңылыктар / 24.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1253

Тажистандын күч түзүмдөрү кармап кеткен 2 өспүрүм коё берилди. Кармалган эки мектеп окуучусуна чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине коюлган.

Азык-түлүк боюнча абал оорлобошу үчүн өкмөт “эң начар сценарийге” даяр болуусу керек. Министрлер кабинети чийки заттын жана азык-түлүктүн мамлекеттик резервин түзүү зарылдыгын кароодо.

COVID-19дун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туш келиши мүмкүн экени кабарланды. Ал арада эмдөө боюнча документти жасалмалаган шылуундар арбыды.

«Саркеч көчмөн», «Мыкты семетейчи», «Мыкты боз үй». Бишкектин борборунда ачылган Кыргыз айылында дүйнө элинин эпосторунун 6-фестивалы өтүүдө.