Жаңылыктар / 24.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

589

Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарайт экен деген имиштерди ким чыгарууда жана ал кимге керек болууда? Эл өкүлдөрү өздөрү болсо мындан кабардар эмес экен.

Мамлекеттик тарых музейиндеги 503 экспонат кайда кетти жана ал үчүн ким жооп берет? Буюмдардын бир канчасы баалуу экспонаттар фондунан жоголгон.

Сот тармагын реформалоо аракети бар, бирок андан жыйынтык жок. Жогорку Кеңештин тармактык комитети сотторго наразычылык арбын болуп жатканын айтышууда.

10 жыл мурда өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун үй-музейи ачылды. Аны атып кеткендер бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.