Жаңылыктар / 24.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

446

Шамбесай кенинде экологиялык талаптар бузулганы аныкталса, аны иштетүүгө уруксат берилбейт. Адистер учурда текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги студенттердин виза маселеси боюнча Кытай элчилигине нота жөнөттү. Окууга кечигип жаткан студенттердин саны 50 жетти.

Жыл башынан бери милиция кызматкерлерине карата 56 кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги 9 айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

“Мамлекет кызматкерлердин социалдык жана турмуш көйгөйлөрүн чечүү иштерин улантат. Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын областына жумушчу сапары менен барды.