Жаңылыктар / 24.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

662

Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн мүлкү боюнча ишке байланыштуу Бишкектин Октябрь районунун акими Константин Куценко кармалды. Ушуну менен фигуранттардын саны үчкө жетти.
Өмүрбек Текебаев аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча соттун чечимин саясатка байланыштырууда. БШК болсо Бишкек шаардык сотуна кайрылууга белсенүүдө.
Мал жандыктарды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө тыюу салынгандан кийин эт арзандай түштү. Бирок башка азык-түлүктөргө болгон баа жогорулап жатат.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Бишкек шаарынын тургуну Ийгилик Курулушов желим бөтөлкөлөрдөн шыпыргы жасап сатууда.