Жаңылыктар / 24.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1275

Бишкекте элди көмүр менен камсыз кылууга жетишпей жатышат. Кезек күткөн кардарлар бири-бири менен кайым айтышууга чейин барышууда. Кыргыз көмүр ишканасындагылар кара отун ташуу үзгүлтүксүз жүрүп жатканын айтууда.

Ордо калаада ойноп асманга ок аткан жигит кармалды. Анын курал колдонууга уруксат кагазы жок болуп чыкты. Ички иштер министрлиги элдин колундагы курал-жарактарды чогултууну улантууда. Сый акы дагы жарыяланган.

Мамлекеттик кызматкерлер шайлоо процессине аралашуусун улантууда. Маданият жана спорт тармагында иштеген 4 адам жумушунан бошотулуп, үчөөнө сөгүш берилди.

5 күн мурда ачылган Улуттук тарых музейине узун кезек күткөндөр. Бүгүн маданий жайга баш баккандардын саны 2 миңден ашты.