Жаңылыктар / 24.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

3786

Жалал-Абадда 9 жашар Сумаянын өлүмүнө шектелген жаран кайра күнөөсүн мойнуна албай жатат. Адвокаты шектүүгө басым жасалганын айтса, милиция муну четке кагууда. Учурда айыпталуучунун психикалык саламаттыгы текшерилүүдө.

Бишкекте ок атышуу менен коштолгон мушташтын 6 катышуучусу кармалды. Окуя болгон жерден травматикалык тапанча, 3 патрон жана гильзалар табылган.

Кассалык-көзөмөлдүк машинаны орнотууга каршы митингдер уланууда. “Дордой” базарынын соодагерлери кирешени бөлүшүүгө мажбурлап жатат деп өкмөттү сынга алды. Салыкчылар жаңы эреже ишкерлердин ишин жеңилдетет деп ишендирүүдө.

Миңден ашык балага уюштурулган жаңы жылдык майрам. Былтыр пандемиядан улам болбой калган президенттик балаты быйыл өзгөчө шаңда өттү.