Жаңылыктар / 25.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

657

Дүйнөдө коронавирус өтө тездикте жайылып жаткандыктан, Кыргызстанда көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Корея, Япония, Ирандан келгендер карантинге алынат. Бишкекте дарыканаларда беткаптар түгөнүүдө.

Бишкекте 2 милиция кызматкери 7000 сом пара алып жатканда кармалды. Алардын бирөө сурак берип жатса, экинчиси кызматынан четтетилген.

Кесиптик кошуун федерациясында кайрадан жаңжал. Төрага Мирбек Асанакуновдун жумуштан кетишин талап кылган 3 аял эки күндөн бери ачкачылык кармашууда.

Соттолуп чыккандарды социалдаштыруу уланууда. Бир жылда пробация институтунун кардарларынын саны 5000ге чукулдап, жазасын өтөп бүткөндөрдүн ишке орношуусу көбөйдү.