Жаңылыктар​ / 25.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

982

Ар тараптуу колдоо жана өнөктөштүк. Россия — Кыргызстандын айыл-чарба тармагы үчүн 623 миллион рубль болот. Садыр Жапаровдун 2 күндүк иш сапары аягына чыкты.
Аскарбек Шадиев жакында АКШдан депортацияланып, өлкөгө алынып келиши мүмкүнбү? Улуттук коопсуздук комитети көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШ элчилигине расмий кайрылды.
Жылына жамалып жаскала берип, тамтыгы чыккан имарат. Ички иштер министрлигинин госпиталы кейиштүү абалга келип, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштады.
Кар көчкү түшүү жана учу кыйры көрүнбөгөн унаа тыгыны жаралуу коркунучу. Дал ушул себептерден улам Бишкек-Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды.