Жаңылыктар / 25.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1334

Украинада абал курчуганына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарды 3-өлкө аркылуу эвакуациялоо аракетин көрүүдө. 300дөн ашык мекендешибиз ал жактан чыгууну каалап, элчиликке кайрылган.

Доллар кымбаттап кетип, Бишкектеги турмуш-тиричилик жана электроника буюмдарын саткан кээ бир соода жайлар жабылды. Алар товарларын кайсы курс менен бааларын билбей, чыгымга учурап калабыз деп кооптонушууда.

Ак-Тилек өткөрмө бекетинде 2 мамлекеттик органдын 3 кызматкери колго түшүрүлдү. Алар ар бир өткөн фурадан акча алуу боюнча коррупциялык схема түзүп алган деп шектелүүдө.

Өлүм чыккан жерде ашыкча ысырапкерчиликти токтотуунун тартибин атайын комиссия иштеп чыгат. Ал ар бир айылда түзүлүп, жергиликтүү элдин салтына жараша чечим кабыл алынат.