Жаңылыктар / 25.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

509

Эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы бекемдөө. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 30дай келишимге кол коюлат.

Адам өлүмүнө шектелген адам сот залынан качып кеткени кабарланууда. Чүй областтык соту шектүү үйүнө байкабай кетип калышы мүмкүн деди.

Ош шаарындагы ишканалардын биринен 5 миллион сомго жакын акча уурдады деп шектелген 2 жаран кармалды. Алардын бирөө ушул эле ишкананын кызматкери болуп чыкты.

13 жылдан бери төшөктөн турбай, урандыга айланган тамда жашаган Альфия Маметова жардамга муктаж. Төртүнчү топтогу майып акча жоктугунан дарылана албай келет.