Жаңылыктар / 25.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1195

Президент өкмөт мүчөлөрүн антына бекем турууга чакырып, аны бузгандардын тагдыры кандай болоорун эскертти. Жаңы дайындалган министрлер ант берип, ишке толук кандуу киришти.
Парламент башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду бекитти. Депутаттар башкы көзөмөл органынын жетекчисинен саясий мотив менен козголгон кылмыш иштерин текшерүүнү өтүнүштү.
Прокуратура башкармалыгынын жетекчиси параны Эл аралык фонддон талап кылганбы? Ири суммадагы пара менен кармалган Улан Чалбаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар чыгууда.
Бактар кулап, үйлөдүн чатырлары жабыркап, электр зымдары үзүлүп, борбордук аянттагы башкы желек учуп кетти. Шамалдан келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.