Жаңылыктар / 25.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1212

Катуу сууктан улам Ысык-Көлдө миңден ашуун мал-жандык кырылды. Өлгөн малдын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Бир жыгач устундун баасы — 600 долларды түзөт! Отургучтар 100 миң сомдон сатылып алынган. Улуттук тарых музейин жаңылоо боюнча да жаңжал чыкчудай болуп калды.

Насыя алууну каалаган жарандардын тизмеси бар, бирок акча жок. Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулду.

Ак бантикчен кыздарды бийге чакырып чимирилткен жаш уландар! Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.