Жаңылыктар / 25.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

990

Жыйынтыгы жокко чыгарылган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра шайлоо качан өткөрүлөт? Күздө өтчү парламенттик шайлоонун дагы тартиптери бекитиле элек.

Куураган кулпунайлар. Чүй областында суу тартыш болуп жатат. Дыйкандар түшүмсүз калуу коркунучуна кабылды.

Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы Кыргызстандын дагы бир жаранына берилди. Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Ниязга Достык ордени тапшырылды.

Бүгүн акыркы коңгуроо салтанаты болуп, азем Бишкектен башка аймактарда онлайн форматта өткөрүлдү. Быйыл өлкө боюнча 11-классты 61 миңден ашуун улан-кыз аяктады.