Жаңылыктар / 25.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1136

Россиядан Кыргызстанга рубль алып келип доллар, еврого алмаштырып, кайра башка өлкөлөргө чыгарып жаткандар кимдер? Алексей Ширшов эми валюта рыногунда схема түзгөнү айтылууда.

Кумтөр кенинин кирешесинен ай сайын Нарын областына акча бөлүп туруу чечими талаш жаратты. Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасы талап кылынды.

Эртең Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бишкекте даражалуу конокту тосуп алууга болгон даярдык көрүлүүдө.

Чүй областынын Байтик айылынын эли Боз-Бөлтөк тоосунда казуу иштери жүрүп жатканына нааразы. Алар буга уруксат бергендер менен соттошууну көздөөдө.