Жаңылыктар / 25.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

925

7 ай аралыгында эле коррупциялык кылмыштардын натыйжасында мамлекетке 1 миллиард 150 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилген. Бул маалыматты УКМК таратты.

Үрөй учурган каракчылык! Акча алмаштыруу жайы тоноо үчүн кылмышкерлер анын темир тосмосун машинеге тарттырып жулуп алышкан! Кылмышкерлер изделүүдө.

Соңку 5 айда жаратылыш кырсыктарында 7 киши набыт болуп, 1,5 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Өзгөчө кырдаалдар министри парламенттин тармактык комитетине маалымат берди.

«Биз тазалыкты сактаган көчмөндөрбүз». Үчүнчү Көчмөндөр оюндарына карата активдүү жаштар ушундай аталыштагы демилгени жайылтууну башташты.