Жаңылыктар / 25.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

333

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган 6 дооматтан бешөөнү негиздүү деп тапты. Бул чечимди 2 комитет колдоп, жалпы пленардык жыйынга жөнөттү.

Казакстандын Арыс шаарындагы ок-дары сактоочу кампанын жарылуусунан набыт болгондордун саны 3 кишиге жетти. Жаракат алгандардын саны 200гө чукулдап, чукул кырдаал режими уланууда.

«Балдардын гармониялуу өнүгүүсү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат». Балдардын укугу жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына байланыштуу Улуттук форум өттү.

Кооптуу коон-дарбыз! Адистер Кыргызстанга ташылган түшүмдөрдө нитраттардын өлчөмү 3 эсеге жогору болуп жатканын айтып, коңгуроо кагышууда.