Жаңылыктар / 25.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

903

Тамактан жапырт уулануу болгондон кийин “Империя пиццы” кафесинин Бишкек шаарындагы бардык түйүндөрү убактылуу жабылды. Мындан ары тамак-аш сатуучу жайлардын баары текшерилет.

Бишкекте боорун, бөйрөгүн алмаштырган бейтаптар митингге чыкты. Алар тендерден  күмөндүү дарыларды сунуштаган компания утуп алды деп тынчсызданууда.

Эмне үчүн Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын өткөрүп бергиси келген жок? Быйыл дагы спикерге байланыштуу жаңжал чыкты. Бул ирет сот кайсы тараптын пайдасына чыгарат?

Эрдик медалына көрсөтүлгөн дипломат. Афганистанда бийликти талибандар басып алганда кыргызстандыктарды куткарып чыккан кызматкер мекенине кайтып келди.